
"Авелум Партнер" компаниясы өз ишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзөт. Жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, Эмгекчил районунун калкына социалдык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын комплекси иштелип чыгууда.
2022-жылдын 1-майында "Солтон-Сары" комбинатынын мындан аркы иши боюнча маселелерди талкуулоо үчүн "Кыргызалтын" ААКсынын, "Авелум Партнер" ЖЧКсынын, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын, райондун акиминин орун басарынын, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу болуп өттү. Анын ичинде, сатылган продукциядан түшкөн кирешенин 1% өлчөмүндө жергиликтүү коомчулуктун пайдасына каражаттарды үзгүлтүксүз которуу түрүндө жергиликтүү калкына социалдык колдоо көрсөтүү маселеси талкууланган.
Учурда тараптар Компания менен жергиликтүү жамааттын каражаттарын башкарууга жооптуу болгон юридикалык жактын ортосунда социалдык колдоо келишимине кол коюуга даярданып жатышат.