Солтон-Сары кениндеги иштер “Авелум Партнер” компаниясынын тарабынан Кыргыз Республикасынын өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Солтон-Сары кенинин экологиялык паспорту даярдалууда.
2022-жылга Солтон-Сары кениндеги ылгалоо фабрикасындагы жана калдык сактоочу жайындагы кырсыктарды жоюу планы иштелип чыккан.
“Эмгекчил Өнугүү" муниципалдык ишканасы (Эмгекчил айыл өкмөтү) менен Солтон-Сары кенинен катуу тиричилик калдыктарын атайын полигонго ташып чыгарууга келишим түзүлгөн. Алтынтөр карьеринин бардык аймактарын, "Алтынтөр карьери – ылгалоо фабрикасы" технологиялык автожолун жана ага жанаша жайгашкан аймактарды, ошондой эле ылгалоо фабрикасынын жана вахта поселогунун аймактарын катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо жүргүзүлгөн. Солтон-Сары кенинен бүгүнкү күндө 39 тонна катуу тиричилик калдыктары чыгарылган.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча Нарын райондор аралык борбору менен ичүүчү суунун сынамыктарын үзгүлтүксүз лабораториялык изилдөөгө келишим түзүлгөн.
Компания эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо ченемдерин сактоо боюнча бардык зарыл чараларын ишке ашырат.
Кызматтык жана өндүрүштүк нускамалар, ошондой эле инженердик-техникалык жана жумушчу персонал үчүн иштин ар кандай түрлөрү боюнча коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо боюнча нускамалар иштелип чыккан. Курулуш, гидротехникалык курулмалар, моторист жана башка кесиптеринин адистери үчүн зарыл болгон кошумча нускамалар даярдалып чыккан.
Кызматкерлер үчүн коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо боюнча бардык керектүү окутуулар жана инструктаждар толук түрдө өткөрүлөт.
Солтон-Сары кенинин технологиялык жолдорунда республикалык стандарттагы 48 жол белгиси орнотулган.
Тоо-кенде техникалык муктаждыктар үчүн тазаланган сууну пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган тиричилик агындыларын кайра иштеткен заманбап тазалоочу курулма орнотулууда.