Технологиялык схеманы өзгөртүү жана эскирген өндүрүштүк кубаттуулуктарды жаңы, заманбап жабдууларга алмаштыруу менен ылгалоо фабрикасын толук жаныртуу иштер жүргүзүлүүдө.
Майдалоо-сорттоо түйүнү үчүн төмөнкү жабдуулар сатып алынган:
1. Жаак жаргылчагы -1 даана
2. Кош кабатту элеги -1 даана
3. Термелүүчү азыктандыруучусу -2 даана
4. ДВГ-2х1000 түрүндөгү ролик жаргылчагы – 1 даана
5. Конвейер тасмасы -10 даана
Бул жабдууларды пайдаланууга берүү руданы 10-15 мм өлчөмдө майдалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат (салыштыруу үчүн: мурунку жабдуулар 40-60 мм өлчөмдөгү майдаланган материалды алууга мүмкүндүк берчү).
Майдаланган руданын жаңы камсыздалган көлөмү (10-15 мм) тегирмендердин өндүрүмдүүлүгүн беш эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, б.а. эгерде руданы эски жабдуулар менен кайра иштетүү саатына 3-4 тоннаны түзсө, жаңы кубаттуулуктар ишке киргизилгенден кийин кайра иштетилүүчү руданын көлөмү саатына эң кеминде 12-15 тоннаны түзөт.
Майдалоо участогунун жаны технологиялык схемасында каралган жабдуулары сатып алынган жана орнотууга даярдалып жаткан учуру:
1. "Нельсон" түрүндөгү центробеждик концентраторлор - 4 топтом
2. БЦЦ-250х3 түрүндөгү гидроциклондордун батареясы - 1 топтом
Фабриканын ылгалоо участогун Нельсон концентраторлор түрүндөгү жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар жана керектүү көмөкчү каражаттары менен жабдуу өндүрүп алуу коэффициентин жогорулатууга жана акыр-аягы алтын өндүрүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.