"Авелум парнер" ЖЧКсы эл аралык Deccan Gold Mines Limited холдингинин туунду компаниясы болуп саналат. "Avelum Partner" 2020-жылдын 1-июнунда катталып, 2022-жылдын 8-февралында кайра катталган.
2021-жылдын 20-декабрында «Кыргызалтын» ААКсы менен «Авелум Партнер» ЖЧКсынын ортосунда жөнөкөй өнөктөштүк келишими түзүлгөн. Макулдашуунун алкагында Солтон-Сары кенинин Алтынтөр тилкесин техногендик түзүлүштөрдү (учурдагы калдык сактоочу жайлар жана тоо калдыктары) кайра иштетүү менен комплекстүү иштетүү боюнча кызматташуу каралган. Жаңы өнөктөштүктө “Кыргызалтындын” ААКсынын үлүшү 17 пайыз, «Авелум Партнер» ЖЧКсынын үлүшү 83 пайыз деп белгиленген.
Эралиев Тимур Токтобаевич - Башкы директор
Зиннатул Ахсан - Аткаруучу директор
Молдобеков Улук Молдобекович - Башкы директордун өндүрүш боюнча орун басары
Усенбеков Эрнис Доктурбаевич – Башкы директордун техникалык маселелер жана коомчулук менен байланыш боюнча орун басары
Ормошев Салават Маматалиевич - Башкы директордун финансы боюнча орун басары
Ногоев Темирлан Амантурович - Башкы директордун коопсуздук боюнча орун басары
Бозгорпоев Жалил Батталович - Уюштуруу-аткаруу иштери бөлүмүнүн башчысы
Макулдашуунун алкагында «Авелум Партнер» ЖЧКсы долбоордун инвестору катары долбоорду толук каржылоо боюнча милдеттенмени өзүнө алган:
Келишимде долбоор боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштерди этап-этабы менен каржылоо каралган.
Инвестициялык планда каралган салымдардын көлөмү бүгүнкү күндө 4 608 615 АКШ долларын түздү.
«Авелум Партнер» ААКсы 2022-жылдын 8 айында жалпы суммасы 22 473 78 079,30 сомду түзгөн салыктарды жана чегерүүлөрдү төлөгөн.