"Авелум парнер" ЖЧКсы эл аралык Deccan Gold Mines Limited холдингинин туунду компаниясы болуп саналат. "Avelum Partner" 2020-жылдын 1-июнунда катталып, 2022-жылдын 8-февралында кайра катталган.
2021-жылдын 20-декабрында «Кыргызалтын» ААКсы менен «Авелум Партнер» ЖЧКсынын ортосунда жөнөкөй өнөктөштүк келишими түзүлгөн. Макулдашуунун алкагында Солтон-Сары кенинин Алтынтөр тилкесин техногендик түзүлүштөрдү (учурдагы калдык сактоочу жайлар жана тоо калдыктары) кайра иштетүү менен комплекстүү иштетүү боюнча кызматташуу каралган. Жаңы өнөктөштүктө “Кыргызалтындын” ААКсынын үлүшү 17 пайыз, «Авелум Партнер» ЖЧКсынын үлүшү 83 пайыз деп белгиленген.