Кен казуу

Алтынтөр тилкесинде кен казуу иштери бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүлүүдө (“Кен-Тоо” долбоор жана изилдөө борбору, 2007-ж.).

2022-жылдын башында кен ачуу иштери көп жылдык артта калуудан улам, 2022-жылдын башында Алтынтөр тилкесиндеги карьердин долбоордук контурунда төмөнкү горизонттордогу баланстык руданын калдыгы бар рудалык зоналарды каптаган бош породалардын чон көлөмү (болжол менен 4,4 млн. кубометр) жаткан. Баланстык товардык руданын негизги массасын казып алуу адегенде бош породаларын алып салууну талап кылат.

Алтынтор тилкесиндеги кен казуу иштеринен тышкары, 2022-жылы техникалык тапшырмалар түзүлүп, долбоорлор даярдалып, ошондой эле төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

- Солтон-Сары кенинин тазалоочу курулмаларындагы суу менен камсыздоо жана агындыларды утилизациялоо долбоору боюнча инженердик-геологиялык жана инженердик-геодезиялык иштер жүргүзүлүүдө;

- фабриканы жаныртуунун алкагында жаңы майдалоо-сорттоо түйүнүнүн курулушу башталган;

- суу түтүгү үчүн траншеяны даярдоо аяктаган;

- эки гидрогеологиялык скважинаны консервациялоо жана калыбына келтирүү аяктаган;

- Алтынтор лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо скважиналарын бургулоо иштери жүргүзүлүүдө.