"Авелум Партнер" ЖЧКсы өндүрүштү өнүктүрүүгө салым кошууга даяр адамдар менен бирдиктүү күчтүү команда түзүүдө. Компания өз кызматкерлерин бардык жагынан колдоп, алардын кесиптик өсүшүнө шарт түзөт, жана бош жумуш орундар пайда болгондо өз кесибинин мыкты адистер үчүн жумушка орношууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мунун баары тоо-кен тармагындагы, ошондой эле бүтүндөй өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
"Авелум Партнер" ЖЧКсы Кыргызалтын ААКсынын «Солтон-Сары тоо-кени» филиалынын 135 мурдагы жумушчусун кызматкер штатына кабыл алган. Мындан тышкары, "Кыргызалтын" ААКсынын 5 өкүлү биргелешкен негизде долбоордун ишине катышат. Тоо-кенде подряддык уюмдардын жумушчуларын кошкондо 199 кызматкер эмгектенет.
Долбоор башталган учурдан тартып, сүт азыктарын, мөмө-жемиштерди, деңиз азыктарын жана туура тамактануунун башка компоненттерин киргизүү менен жумушчулардын тамак-ашынын сапаты кыйла жакшыртылган. Кызматкерлер туруктуу негизде керектүү атайын кийимдери, бут кийимдери, жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылынат. Турак жай-тиричилик шарттары байкалаарлык дэңгээлде жакшыртылган. Кызматкерлердин толук кандуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп, маданий-эс алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Кызматкерлердин эмгек акысы орто эсеп менен 70%га жогорулап, анын найжасында социалдык фондго төлөмдөр жана киреше салыгы шайкеш түрдө көбөйгөн.