

Алтын бөлүп чыгаруучу фабрика тесттик режимде ишке киргизилди
- 34 207 миң АКШ доллары
- 2026-жылдын 31-августуна карата инвестицияланды — 2 991 426,3 миң сомго барабар
- 555 970,8 миң сом
- компаниянын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө багытталды
- 307 926,4 миң сом
- бюджетке төлөнгөн салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн суммасы
- 40 703,3 миң сом
- Эмгекчил айыл аймагынын өнүктүрүү фондуна чегерүүлөр
- 8 047,3 миң сом
- материалдык жана демөөрчүлүк жардамга кошумча багытталды
- 209 871,0 миң сом
- «Кыргызалтын» ААКка багытталды, анын ичинде 24 905,1 миң сом дивиденд
Фабриканын ишке кириши жөнүндө
Солтон-Сары кениндеги алтын бөлүп чыгаруучу фабрика Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган социалдык жана өнөр жай объекттерин ачуу боюнча улуттук программага киргизилди. Тесттик режимде ишке киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Президенти онлайн форматта старт берди. Avelum Partner долбоору үчүн бул геологиялык чалгындоодон өнөр жай өндүрүшүнө чейинки толук жолдун аякташын жана Deccan Gold Mines Limited менен «Кыргызалтын» ААКтын өнөктөштүгүндөгү жаңы этапты билдирет.






